• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Текебаев: «Тойлорго эмес музейге барыш керек турбайбы»

9 Тогуздун айы 2019 16:20 Бишкек Govori.TV

«Ата Мекен» партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев борбор калаада жайгашкан Г.Айтиев атындагы сүрөт музейине барды. Бул тууралуу аталган музейдин директору Мира Жангарачева фейсбуктагы өздүк баракчасына жазып, бирге түшкөн сүрөтүн киргизди.

Бүгүн музейге сүйүктүү досум Өмүрбек Текебаев баш бакты. Албетте, мен чексиз кубанычта болдум. Бирге зал аралап, бир нече сүрөттөрдү көрүп, алдыдагы көргөзмөлөрдүн ачылышна даярдыктар тууралуу айтып бердим. Бирге кофе ичтик. Кетип бара жатып ал тамашалап, «Тойлорго эмес музейге барыш керек турбайбы»,-деген сөзүн айтты. Негизи анын айтканы туура,-деп жазган М. Жангарачева.

Эске салсак, “Республика — Ата Журт” фракциясынын депутаты Руслан Казакбаевдин уулунун тоюна барган саясатчылар Текебаев жана Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр менен сүрөткө түшүшкөн. Көп өтпөй бул сүрөт коомчулукта талкууга алынып, түрдүү пикирлер айтылган.

Количество просмотров: 266