• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Текебаев Жээнбековдун «ырайым сураса, берейин» деген сөзүнө жооп кайтарды

22 Бештин айы 2018 17:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.12.2018. Govori.TV

Бүгүн, 22-декабрда саясатчы Өмүрбек Текебаевди туулган күнү менен куттуктап, анын партиялаштары баш болгон бир топ саясатчылар Улуттук кардиология борборуна барышты. Кардиология борборунда дарыланып жаткан саясатчы конокторду жылуу кабыл алып, журналисттердин суроолоруна жооп бергенге да жетишти.

Текебаевдин айтымында, анда президенттен ырайым сурап кайрылуу ниети жок.

«Мен 8 жылга кесилгем, бул мөөнөттүн жалпы эсептегенде 5 жыл 2 айын отурдум. 2 айдан кийин жатак абакка чыгам. 1 жылдан кийин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгам. Мен кармалгандан баштап бардык этапты басып өттүм. Мен эртеби же кечпи чыгам. Эртеби же кечпи, чындык орнойт. Жок нерсени бар деп койсо, ал тарыхта ташка тамга баскандай калбайт. Мен күткөндөн коркпойм. Колдоп турган адам болсо, эч нерсе коркунучсуз. Кылган ишиңдин бааланышын билсе адам өлүмгө деле кете бергидей. Эл журт колдоп турса 2 ай көбүрөөк отуруп койсом ашыкча эмес«, — деди Текебаев.

Мындан тышкары ал абакта ага кандай мамиле жасалып жатканын айтып берди. «Бул жакта мамиле жакшы. Бир да жолу колума кишен салышкан жок. Кинодогудай дубалды каратып, колумду кайрып алып кетишкен жок. Мына балдар турат, буюмдарымды дагы ар дайым өздөрү көтөрүп жүрүшөт. Бир да начар мамилени көргөн жокмун. Мен муну мурунку бийликтин жана азыркы бийликтин оппоннентине, душманына жасаган мамилеси деп баалайм. Ушуга окшогон мамиле бизде саясатчылардын, эркектердин, адамдардын арасында ар дайым болуш керек. Эреженин чегинде чабышыш керек, утулган адамга урмат болуш керек. Жеңилүү ар дайым убактылуу«, — деди саясатчы.

https://www.facebook.com/nextvchannel/videos/227832151449398/

19-декабрда маалымат жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча соттук отурумдар бардык инстанцияда өткөнүн айткан «Өмүрбек Текебаев боюнча бардык соттук инстанция бүткөн. Жогорку Кеңеш дагы караган, мен аны буза албайм. Сот чечими чыккан. Ал ырайым сурап жазса, берейин«, -деген өлкө башчы.

Булак: Супер.кж

Количество просмотров: 29