• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Текебаевдин кызына жазган каты 2 жыл дегенде дарегине жетти

7 Жалган куран 20199:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.03.2019. Govori.TV

Эки жыл дегенде Айданэктин колуна тийген катты саясатчынын адвокаты Искен Афиджанов “Фейсбуктагы” баракчасына чыгарды.

Афиджановдун маалыматы боюнча 2017-жылы Айданэк Пекин шаарына окууга жөнөмөк. Ал убакта Өмүрбек Текебаев камакта болуп, кызы менен жолугуша алган эмес. Кат жазып, адвокатына тапшырган. Бирок ал учурда Айданэк Кыргызстандан чыгып кетет. Кат 2 жыл дегенде кыздын колуна тийген.

Катка Текебаев кызына үйдөгүлөрү менен сүйлөшүп турушун, кыргыз тилин жакшылап үйрөнүшүн жазган.

Кат 2017-жылдын 4-мартында  саясатчы убактылуу кармоочу жайында отурган учурда жазылган.

Эскерте кетсек, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов орус жараны Леонид Маевскийден 1 млн доллар пара алган деген айып менен 2017-жылдын февраль айында камакка алынган. Сот аларды сегиз жылга эркинен ажыраткан.

16-ноябрда Леонид Маевский Москвада камакка алынган. Ага бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган деген кине коюлган.

Булак: «Калыс Медиа»

Теги:
Количество просмотров: 28