• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Текебаевдин уурдалган телефону азыр УКМКнын имараты жайгашкан аймакта экени айтылды

1 Бештин айы 2021 19:32 Бишкек Govori.TV

Юрист Канат Хасанов фейсбуктагы баракчасына «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин телефонунун жайгашкан жери тууралуу билдирүү жазды.

Анын билдирүүсүнө ылайык, Текебаевдин уюлдук телефонунда аны аныктоого мүмкүндүк берген тиркемесине туташтырылган. Ал эми картага караганда саясатчынын телефону азыр УКМКнын имараты жайгашкан аймакта.

Буга чейин «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болуп, анын телефонун белгисиз бирөлөр алып кетишкен. Өмүрбек Текебаев дин айтымында бул окуя менен аны коркутуу аракети болгон. Текебаевдин айтымында, кол салгандар анын уюлдук телефону менен көз айнегин алып кетишкен.

Көп өтпөй «Ата Мекендин» тарапташтары Бишкектеги УКМКнын алдына чогулушту.

Количество просмотров: 1444