• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Текебаевдин жактоочуларынан Атамбаев 100миң сом алды

14 Үчтүн айы 201914:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV.

Өмүрбек Текебаевдин жактоочусу Таалайгуль Токтакунованын айлык маянасынын эсебинен алгачкы 100 миң сом Алмазбек Атамбаевдин  пайдасына алынды. Бул тууралуу жактоочу өзү билдирген.

Анын айтымында, экс-президенттин жактоочусунун талабына ылайык камакка алынган мүлктү батыраак сатуу аракеттери жүрүүдө. Таалайгуль Токтакунова соттун чечими менен Атамбаевге 5 млн сом төлөп берүүсү керек.

Ал эми экинчи жоопту Канатбек Азизге  да 5 млн сом төлөп берүү милдеттендирилген.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаевдин жактоочуларынын маалымат жыйында айткан маалымат чындыкка дал келбейт деп Атамбаев сотко кайрылган. Сот жактоочуларды 10млн сом төлөп берүүсү керектигин  чечкен. Таалайгуль Токтакунованын маянасы менен мүлкүн камакка алынган..

Теги:
Количество просмотров: 18