Бишкек.25.12.2018.Govori.TV.
Экс-президент Роза Отунбаева мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаевге ырайым берүүнү өтүнгөн. Мындан сырткары, ал парламенттеги фракция лидерлерин бул демилгеге кошулууга чакырган эле. Роза Отунбаеванын демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттары А. Шыкмаматов, Б. Төрөбаев, А. Батырбеков жана Алтынбек Сулаймановдов колдошту.