• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Телефон чалган террорист кармалды

8 Чын куран 201819:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек 08.04.18 Govori.tv

Милиция тарабынан Ата-Түрк паркында бомба бар деп маалымдаган 44 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма-сөз кызматы маалымдады.

Эскерте кетсек бүгүн белгисиз адамдар телефон чалып, Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан  Ата-Түрк паркында бомба коюлгандыгын  маалымдаган.

Милиция дароо парктын аймагын курчоого алган. УКМК, ИИМ кызматкерлери, саперлер издөө жүргүзүп, эч кандай жарылуучу зат жок экендигин билдиришти.

19-00дө курчоо алынды.Тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

 

Количество просмотров: 126