Бишкек 09.04.18 Govori.tv
Ататүрк сейил багына бомба коюлду деп телефон чалган 44 жаштагы адам камакка алынып, тергөө амалдары башталганын УКМКнын басма-сөз кызматы маалымдады.
Эскерте кетсек кечээ 8-апрелде белгисиз адамдар милицияга телефон чалып, Бишкектин түштүк тарабында жайгашкан Ата-Түрк паркында бомба коюлгандыгын маалымдаган.
Милиция дароо парктын аймагын курчоого алган. УКМК, ИИМ кызматкерлери, саперлер издөө жүргүзүп, эч кандай жарылуучу зат жок экендигин билдиришкен.