• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Телесабактар үчүн конкурстук негизде 260 мугалим тандалып алынды

16 Баш оона 20209:24 Бишкек Govori.TV

Учурда министрлик 2020-2021-окуу жылы үчүн телесабактарды тартууну улантып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков билдиргенин ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

«Телесабактар үчүн конкурстук негизде 260 мугалим тандалып алынган. Алар — бир нече кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү жана окуучулары республикалык олимпиадада жеңишке жетишкен чыгармачыл мугалимдер. Телесабакка тартылуучу мугалимдер атайын даярдыктан, тренингден өткөрүлдү», — деп билдирген министр.

Количество просмотров: 342