• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Темирлан Ормуковду ооруканадан ары камака алып кетишет

4 Чын куран 2018 9:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.04.2018 Govori.TV

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков эртең 5-апрель күнү ооруканадан чыгаары менен  соттун чечимине ылайык, дароо №1 тергөө абагына камака алынат. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов жазып чыкты.

2017-жылдын февраль айында Темирлан Ормуков ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана бир катар саясатчыларды шакабалаган ырларды жазгандыгы үчүн “жалган маалымат тараткан” деп айтыпталып, кылмыш иши козголгон.

Депутат Дастан Бекешов милицияга арыз менен кайрылып,  Темирлан Ормуков “оң рулдуу унаалар тууралуу мыйзамды артка жылдыруу үчүн унаа саткандардан акча алды деп, менин аброюма шек келтирди деген” .

Милиция иликтөө иштерин жүргүзүп, Темирлан Ормуковдун айткан сөздөрү жалган экендигин аныкташкан. Темирлан Ормуков жалган маалымат тараткандыгы үчүн айыпталып, мурда камака алуу аракети болгон. Бирок ден-соолугуна байланыштуу камака алынган эмес.

29-март күнү Темирлан Ормуковду Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырып, андан ары №1 Тергөө абагына алып кетип жатканда өзүнө бычак сайган. Тез жардам кызматы акынды ооруканага жеткирип, ошондон бери дарыланып жаткан болчу.

https://www.facebook.com/100007259565515/videos/2011590122426287/?t=0

 

Количество просмотров: 15