• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Темирлан Ормуковду ооруканадан камака алып кетишти (видео)

5 Чын куран 2018 12:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.04.2018 Govori.TV

Опубликовано Темирлан Ормуков Среда, 4 апреля 2018 г.

Көзү азиз акын Темирлан Ормуков Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 25-августунда чыккан чечимине ылайык камака алынды.

 

2017-жылдын февраль айында Темирлан Ормуков ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевге жана бир катар саясатчыларды шакабалаган ырларды жазгандыгы үчүн “жалган маалымат тараткан” деп айтыпталып, кылмыш иши козголгон.

Депутат Дастан Бекешов милицияга арыз менен кайрылып,  Темирлан Ормуков “оң рулдуу унаалар тууралуу мыйзамды артка жылдыруу үчүн унаа саткандардан акча алды деп, менин аброюма шек келтирди деген” .

Милиция иликтөө иштерин жүргүзүп, Темирлан Ормуковдун айткан сөздөрү жалган экендигин аныкташкан. Темирлан Ормуков жалган маалымат тараткандыгы үчүн айыпталып, мурда камака алуу аракети болгон. Бирок ден-соолугуна байланыштуу камака алынган эмес.

29-март күнү Темирлан Ормуковду Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына чакырып, андан ары №1 Тергөө абагына алып кетип жатканда өзүнө бычак сайган. Тез жардам кызматы акынды ооруканага жеткирип, ошондон бери дарыланып жаткан болчу.

Количество просмотров: 28