• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Темирлан Султанбеков «Социал-демократтар» партиясына төрага болду

12 Бирдин айы 202115:41 Бишкек Govori.TV

«Социал-демократтар» партиясына жаңы төрага дайындалды. Бул тууралуу аталган партиянын өкүлү Нурхан Жумабаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Сеид Атамбаев өз каалоосу төрагалыкты тапшырып, партиянын башчылыгына Темирлан Султанбеков шайланган.

Белгилей кетсек, Темирлан Султанбеков 23 жашта. Ал былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого «Социал-демократтар» партиясынан катышкан.

Количество просмотров: 174