• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тез жардам унааларын сатып алууда министрлик мамлекетке 18 миллиондон ашуун зыян келтирген

29 Жалган куран 2021 13:57 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан тез жардам унааларын сатып алууда мамлекетке 18 миллиондон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинде жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин алкагында Ислам өнүктүрүү банкынан насыя катары бөлүнгөн акчанын эсебинен тез жардам унаалары мыйзам бузуу менен сатып алынгандыгы аныкталды.

«2020-жылы 21-сентябрда тийиштүү келишимдердин жок болгондугуна карабастан Саламаттыкты сактоо министрлиги «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагындагы келишимдин алкагында деп, 66 даана тез жардам унаасын сатып алуу жөнүндө протоколдук чечим кабыл алган. Бул чечимге ылайык, унаалардын ар бири 2 млн 924 миң 267 сомдон алынмак. 2020-жылы 21-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлиги «Газель Соболь 4х4» үлгүсүндөгү 66 даана тез жардам унаасын сатып алуу үчүн «В.» ЖЧКсы менен 193 млн 1 миң 222 сомдук келишим түзгөн. Ошону менен бирге унаалар Россия мамлекетинде чыгарылганын, Россияда рубль колдонуларын эске албастан, аталган келишимде 66 даана унаанын жалпы баасы 2 млн 504 миң 898 доллар (ар бир унаанын баасы — 37 миң 953 доллар) деп көрсөтүлгөн. Андан тышкары доллардын баасы келишим түзүлгөн күнгө карата эмес, 2020-жылдын 8-августундагы наркына жараша көрсөтүлгөн. Ага байланыштуу ар бир унаанын баасы 94 миң 232 сомго жогорулатылган. «В.» ЖЧКсы унааларды өз убагында алып келбегенине байланыштуу, Саламаттыкты сактоо министрлиги келишимге ылайык 3 млн 465 миң 151 сомду кармап калып, 189 млн 536 миң 470 сом берүунүн ордуна, 208 млн 513 миң 151 сом которуп, мамлекетке 18 млн 976 миң 681 сом зыян келтирген»,-деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы жагдайларды толук жана ар тараптуу изилдөө максатында чогултулган материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 322-беренеси (Билип туруп пайдасыз келишим түзүү) менен КЖБРга катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 120