• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Тез жардам унаасын өткөрүп, эреже бузгам деген айдоочу келген айыппулга нааразы

13 Жетинин айы 201910:41 Бишкек Govori.TV

Тез жардам кызматынын унаасын өткөрүү үчүн жол кыймылынын эрежесин бузууга туура келип, ал үчүн айып салынганын шаар тургуну «Репортерго» билдирген.

Анын айтымында, 1-октябрда Абдырахманов менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам кызматынын унаасын өткөрүү үчүн эреже бузууга туура келген (стоп-линиядан өтүү).

«Жыйынтыгында 3000 сом өлчөмүндөгү айып салынды. Менин артымда тез жардам унаасы сиренасы менен келсе, мен эмне кылышым керек эле? «Бактылуулук катын» жиберип жатканда атайын эреже бузбаганымды көрүшкөн жокпу?», – деди ал.

Количество просмотров: 2232