• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тилек Токтогазиев эшикке чыкса киргизбей коюшат деп терезеден чыгып сүйлөдү

7 Тогуздун айы 2020 17:14 Бишкек Govori.TV

Ушул тапта өкмөт үйүндө парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар чогулуп, убактылуу өкмөт түзүү маселесин карап жатышат. Өкмөт үйүндө отургандар арасында депутаттар Жанар Акаев, Элвира Сурабалдиевалар бар.

Жыйында «Ата Мекендин» талапкери Тилек Токтогазиев өкмөт башчылык кызматка сунушталып жатат. Ал эми Токтогазиев депутаттыкка барбай турганын, өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу жоопкерчилигин алууга даяр экенин билдирүүдө.

Ошол эле учурда өкмөт үйүнүн сыртында жүздөгөн жаштар жыйындын жыйынтыгын күтүп турушат.

Тилек Токтогазиев эшикке чыкса киргизбей коюшат деп күтүп турган жаштарга терезеден чыгып сүйлөдү.

«Учурда жыйынга башка партиянын өкүлдөрүн күтүп жатабыз. Ал үчүн шайлоого аттанган он үч партиянын экиден өкүлү келиши керек»,-деди Токтогазиев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда экинчи Координациялык кеңеш түзүлдү. Анын курамына “Чоң Казат”, “Ордо” “Мекен ынтымагы” жана “Реформа”, “Ыйман нуру” партияларынын мүчөлөрү кирген.

Количество просмотров: 9934