• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Токмокто апасы менен баласы изделүүдө

23 Жалган куран 2022 10:37 Бишкек Govori.TV

Токмокто милиция кызматкерлери эне-баланы издеп жатат. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 19-январда Токмок шаарынын ички иштер органдарына 1985-жылы туулган Д.А. аттуу жаран 1993-жылы туулган жубайы Анастасия Игоревна Сытинаны жана 2015-жылы туулган жашы жете элек уулу Евгений Анатольевич Дьяковду табууга жардам сурап кайрылган. Ал кишинин айтымында, аялы менен баласы 11-январь күнү саат 14:00дөр чамасында Токмок шаарындагы үйдөн чыгып кетишкен бойдон кайтып келишкен эмес.

«Анастасиянын өзгөчөлүктөрү: бою 170 см, чачы күңүрт сары. Ал кара күрмө, коңгуроолуу кызыл шляпа кийип жүргөн.

Баланын өзгөчөлүктөрү: бою 110 см, чачы кара күрөң. Ал кара спорттук шым жана кара көк түстөгү кышкы куртка кийип жүргөн.

Изделип жаткандар тууралуу билгендер болсо 0312 43 01 27, 0312 43 88 85 (Чүй РИИБнин нөөмөт бөлүмү), 0312 60 73 63, 0501 90 00 65 (ду) телефондору аркылуу кабарлап коюуну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 278