• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Токмокто дайынсыз жоголгон Лейла Сусина изделүүдө

25 Жалган куран 201917:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV

Токмок шаардык милициясы дайынсыз жоголгон 2005-жылы туулган Лейла Сусинаны издөөдө. Бул тууралуу Чүй облустук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан кыз 17-мартта болжол менен саат 07:30дар чамасында Саадаев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, орточо дене түзүлүштөгү, чачы ийининен узун, сары, көзү күрөң.

Кийимдери: Спорттук кийимчен (шымы кара, үстүндөгү кийими боз-жашыл) бутунда кара түстөгү ботинка.

Изделип жаткан кыздын кайда экенин билгендер болсо, Токмок шаардык ИИБнин күзөт бөлүмүнө төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: 0(321)60-73-63, 0-3138-6-31-02, Криминалдык милиция кызматынын издөө бөлүмү: 0709 07 21 56, 0551 102 753.

Теги:
Количество просмотров: 21