• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Токмокто жергиликтүү кеңештин депутатын өлтүрүп кетишти

18 Жалган куран 2019 10:02 Бишкек Govori.TV


Бишкек. 18.03.2019. Govori.TV

Кечээ, 17-мартта саат 3:05тер чамасында  Токмок ички иштер бөлүмүнө эркек кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерге ыкчам топ ьарып, 20-25тер чамасындагы эркек кишинин бычактан жаракат алган сөөгүн табышты.

Сотко чейин иликтөөнүн жүрүшүндө каза тапкан жигит 29 жаштагы,  С. Т. болуп чыкты. Ал  партиялардын бирине жергиликтүү кеңештин депутаты болгон.

Ушул эле күнү аймактык ооруканага Ш. Т. аттуу 30 жаштагы жаран бычактан жаракат алып жаткырылган.

Милиция кызматкерлери эки окуяга шектүү катары Токмоктун жашоочусу 24 жаштагы С. Д.ны кармашты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Токмок шаарынын көчөсүндө жаштардын ортосунда чатак чыгып, бир жигит бычактан каза таап, экинчиси ооруканага жеткирилген.

Теги:
Количество просмотров: 9