• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Токон Мамытов, КРнын Акыйкатчысы: » Мурат Суталинов боюнча маселе каралып жатат»

25 Бирдин айы 2019 15:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 25.02.2019. Govori.TV

«Жазасын өтөп жаткан мурдагы Коопсуздук комитетинин төрагасы Мурат Суталиновдун иши Акыйкатчы институту тарабынан каралып жатат». Бул сөздү Акыйкатчы Токон Мамытов айтты.

Анын белгилешинче, саламаттыгынын кескин начарлаганыган улам жаза мөөнөтүн кыскартып, эркиндикке чыгаруу боюнча ишти соттун карап, макулдук бербегени боюнча материалдар кароого келип түшкөн.

«Азырынча мен акыркы чечим кандай чыгат айта албайм. Бирок, бул жерде адам укугунун бузулушу барбы же жокпу сөзсүз баа беребиз. Мыйзам бузулдубу же жокпу айтабыз»‘-деди ал

Эске салсак, мурунку УКМК башчысы Марат Суталинов 2010-жылдагы Апрель окуясына айыпталып, 25 жылга соттолуп, жазасын №47 абакта тартып келет. Ал 4-даражадагы айыкпас дарт менен күрөшүп келет.

Теги:
Количество просмотров: 8