Токтоболотов: Жарандар кулчулукка кабылса, биринчи күнөө өздөрүнөн кетет
Токтоболотов: Жарандар кулчулукка кабылса, биринчи күнөө өздөрүнөн кетет
14 Аяк оона 201816:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.09.2018.Govori.TV.
Кулчулукка жана адам сатуу фактыларына кыргыз жарандары өздөрү билбестик кылып кабылып жатышат. Мындай ойду бүгүн, 14-сентябрда “Кабар” агентигинде болуп өткөн миграция маселелерине арналган маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди.
Анын айтымында: “Кыргыз жарандары жет жакка иштеп чыгып жаткан учурда, алардын көпчүлүгү юридикалык колдоо алуу үчүн тиешелүү мекемелерге кайрылышпайт. Ушундан улам ар кандай кырдаалдарга туш болуп калышат. Чет жакка иштеп кете турган адам алгач биздин миграция кызматына кайрылып, чоо жайын тактап алуулары зарыл”.