• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Токтогазиев «Раим- миллионду сыгабыз» деп дебатта лимонду сыкканын көрүүчүлөр шоу деп аташты

19 Аяк оона 2020 12:26 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоо алдында жаш талапкерлер арасында өзүнчө дебаттар өткөрүлүүдө. Кечээ кезектеги чыгарылышы көрсөтүлүп, ага  “Замандаш”, “Бүтүн Кыргызстан”, «Бир Бол» саясий партиясы жана “Ата-Мекендин” жаш талапкерлери катышты.

“Ата-Мекен” партиясына жаңы келип кошулган жаш талапкер Тилек Токтогазиев мамлекеттин казынасына кол салып, коррупциялашкан чиновниктерден каражатты кайра өндүрүп алуу жолун түз эфирде кадимки лимонду пайдалануу менен көрсөттү.

«Бүгүнкү күндөгү толук чирип кеткен система жарабайт, биз толук реформа жасашыбыз керек. Жыл сайын өлкөдө бюджет толбой, калк казынасына
кол салган уурулар көп болуп жатат. Биз аларды ордуна коюп, бюджетти толтурабыз»,-деди Токтогазиев.

Шайлоого аттанган жаш талапкердин мындай кылыгын көрүүчүлөр шоу деп аташууда.

При всем моем уважении к партии Ата-Мекен, зачем весь этот цирк? Если и кто то будет выжимать лимон в бюджет страны, это…

Опубликовано Жылдызбеком Керимбаевым Пятница, 18 сентября 2020 г.

Политическое шутовство (клоунада) — стало одним из проявлений фантомных явлений и процессов в кыргызском ( и не только…

Опубликовано Гульмирой Тыналиевой Пятница, 18 сентября 2020 г.
Количество просмотров: 9226