• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз, бирок жарык өчүрүлбөйт

12 Аяк оона 2019 12:42 Бишкек Govori.TV

Өлкөнүн энергетикалык системасы 2019-2020-жылдардагы күз-кыш мезгилине толугу менен даяр. Бул тууралуу Улуттукэнергохолдингдин энергия таратуу генерация башкармалыгынын жетекчиси Жолдошбек Ачикеев билдирди.

Анын айтымында, быйыл Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жылдагыга салыштырмалуу аз.

«Кыргызгидрометтин билдирүүсүнө караганда, Токтогул суу сактагычындагы суунун агып кириши 86% болушу керек эле, факт боюнча 94% деп жатабыз. Жылытуу мезгилинин башталышында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд. 200 млн. кубду түзүшү керек», — деп билдирди Ачикеев.

Андан тышкары, учурда Бишкек ЖЭБне 100 миң тонна көмүр алынып келингенин жана тендердик жараяндар план боюнча жүрүп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 55