• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү күзүндө 15 миллиард 600 миллион метр кубдан ашпайт

2 Бугу 2020 15:59 Бишкек Govori.TV

Бардык зарыл чараларды көрүү калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого шарт түзөт. Бул тууралуу видеоконференция режиминде энергетика тармагынын өкүлдөрү менен өткөн жыйында Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты. Өкмөт башчы экономика тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө токтомго кол койду.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, коронавирус инфекциясы менен күрөшүү уланып жатканына карабастан, 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү өз убагында башталышы керек.

«Былтыркы токтом жакшы аткарылды. Мезгил эч кандай аша чабуусуз өттү. Аба ырайы жылуу болгондуктан авариялык өчүүлөр аз болду жана Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдонгон көлөмүнүн 4% үнөмдөдүк.  Адистердин божомолунда быйылкы жылы суу аз болот. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү күзүндө 15 миллиард 600 миллион метр кубдан ашпайт. Бул импорттук да, жергиликтүү да көмүрдү, ошондой эле мазут жана газды камдап алышыбыз керектигин айтып турат. Бирок баа маселесин чечкенибизди айтып коеюн, электр энергиясынын наркы көтөрүлбөйт жана мурунку деңгээлинде калат», – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы ырастагандай, калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн ар бир маселе боюнча тыкыр даярдануу зарыл.

«Мисалы, электр энергиясын коммерциялык эсептөөнүн автоматташтырылган системасында канча электр эсептегичи бар? Компаниялардын жетекчилери ал тургай ушул суроолорго жооп бере албайт. Биз аба ырайынын шартына жараша калк электр энергиясын канча көп колдонору боюнча так сандарды билишибиз керек. Бул бизге жоготууларды жана карыздарды эсептөөгө жардам берет. Бул жаңы гана түзүлгөн Кыргыз энергетикалык эсептөө борборунун милдети. Анын милдети электр энергиясынын агымы жана жоготуулар жөнүндө бардык маалыматтарга ээ болуу, баланстарды түзүү жана рыноктун бардык катышуучулары үчүн эсептөөлөрдү жүргүзүү. Ушул маалыматтардын бардыгын эске алуу менен энергетикалык компаниялардын ишинде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу аркылуу колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдалануу зарыл. Ошондо гана коррупциялык тобокелчиликтер төмөндөйт», — деп белгилеген Премьер-министр, бул маселе анын жеке көзөмөлүндө экенин айтып, айрым бөлүштүрүүчү компаниялардын жетекчилерине эскертүү берди. 

««Ошэлектр», бардык параметрлер: жоготуулар, дебитордук карыз, үнөмдөө боюнча көрсөткүчүңөр эң төмөн. Жаңы жетекчилер жылдап киреше алып келбеген эски схема менен иштебей, жаңы идеялар менен келиш керек», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр кийинки кеңешмеге өлкөнүн энергетика тармагынын чыныгы картинасын көрүү үчүн бардык зарыл болгон материалдарды даярдоону тапшырды.

Министрлер кабинетинин башчысы сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен экономика тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү тууралуу токтомго кол койду. «Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2020/2021-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен төмөнкү шилтеме аркылуу тааныша аласыздар: https://www.gov.kg/ky/npa/s/2427

Количество просмотров: 123