• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын ,белгилөө тууралуу жарлыкка кол коюлду

5 Бирдин айы 2019 9:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05.02.2019. Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жарлыктын максаты —  Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо.

Иш чараны эң жогорку улуттук деңгээлде даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планы иштелип чыгып, бекитилет.

Количество просмотров: 51