• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Тынчыбаган «Коопсуз шаар»

11 Тогуздун айы 2018 16:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
«Коопсуз шаардын» дээги эле чыры бүтпөй калды өңдөнөт. 2012- жылдан бери ишке ашпай келе жаткан бул долбоор боюнча тендер өткөрүлүп, анда орусиялык эки компания күч сынашып, натыйжада «Вега» компаниясы жеңүүчү аталып мына эми ишин баштай турган болду дегенде «Веганын» үстүнөн арыз түшүп, тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылган эле.
Буга маакул болбогон Маалымат технологиялары жана байланыш комитети Мамлекеттик сатып алуу департаментинде даттануулар боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимине каршы район аралык сотко кайрылды.
Мындай кадамга күбө болгон көпчүлүктүн оюу такыр эле башаламан болуп калды. Бир нече жолу тендер өткөрүлүп акыры натыйжа чыкты дегенде эми өздөрү бирин-бири сотко берип жатканына өз оюн ЖК депутаты Акылбек Жапаров жалпы жыйында айтып чыкты.
Артында чоң эмгек жаткан бул долбоор ишин баштай элек жатып эле токтоп калабы деген суроо жаралат? Бул суроого жооп табуу аракетин, бүгүн, эл өкүлү Абдывахап Нурбаев да кылып көрдү.

 

Количество просмотров: 36