• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Учакты оңдоого 1млн.доллар табылбай жатабы?

22 Үчтүн айы 2019 11:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында, эл өкүлү Улукбек Ормонов ички каттам менен каттаган авиакаттамдарды жөнгө салуу керек, оңдоо иштерине 1 миллион доллар таба албай калдыкпы?,- деди.

Буга чейин 18-январда учактын техникалык мүчүлүштүктөрүнөн улам, Бишкек- Ош- Бишкек каттамы менен уча турган жалпы 8 каттам токтотулган. «18-19-январь күнү, бир ай мурун билет сатып алган миңдеген киши убагында уча албай көчөдө калды.

Ички каттам менен каттаган авиакаттамдарды иретке келтирүү керек. «Эйр Манас» кааласа учат, кааласа учпай калат. Иштебей калса элдер көчөдө калып кетүүдө. Атайын иш-сапар менен уча турган министрлер уча албай калды. Жөнөкөй адамдарды айтпай эле коеюн.

3 миң сомго билет алгандар аэропорттон такси менен кетүүгө аргасыз болду. Буга бирөө жооп бериши керек. Бузулду, оңдош керек деген жооп айтып жатасыңар. Эмне оңдоо иштерине 1 миллион доллар таба албай калдыкпы», — деди Ормонов.

Бул тууралуу Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев ички каттам менен каттаган учактарды оңдоо керектигин, андан сырткары карыздары да бар экенин айтты.

Количество просмотров: 13