• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Уюшкан топ Сокулуктагы мектепти тоногондор кармалды (сүрөт)

27 Бирдин айы 2019 9:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.27.02.2019.Govori.TV.

Чүй облусунун милиция кызматкерлери жалпы билим берүүчү орто мектептин мүлкүн уурдап кеткен кылмыштуу топту изи сууй элегинде кармады.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдиргендей, 25-февралда Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Сокулук районунун Комсомол айылындагы орто мектепте уурулук фактысы болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Сокулук РИИБдин ыкчам тобу барып, 25-февралга караган түнү белгисиз адамдар мектеп имаратына терезе аркылуу кирип, жетекчилердин бөлмөсү менен окуу бөлмөлөрүндө уурулук кылганы аныкталган.

«Ар түрдүү үлгүдөгү 9 сыналгы, «Леново» менен «Самсунг» үлгүсүндөгү 3 ноутбук уурдалган, ошондой эле кылмышкерлер видеокөзөмөлдүн камерасынын дискин чыгарып алып кетишкен. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, бул окуу имаратына келтирилген чыгым 250 миң сомду түздү», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси (уурулук) боюнча Сокулук РИИБи сотко чейинки иликтөө ишин жүргүзөт.

Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам тобу менен участкалык инспекторлор тарабынан мектепте болгон уурулуктун бетин ачуу үчүн зарыл болгон иш-чаралар өткөрүлдү. Тиешелүү кызматкерлердин ыкчам иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө мектептен алыс эмес аймактан камыштын арасынан уурдалган буюмдар табылган. Кылмышкерлер уурдалган буюмдарды алуу үчүн келгенде милиция кызматкери 3 шектүүнү кармаган. Ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө Бишкектеги батирден дагы бир шектүү кармалып, жанынан далил катары буюмдар алынган.

Кармалгандар: буга чейин сот жообуна тартылган Ысык-Көл облусунун 34 жаштагы тургуну К.Э., 32 жаштагы К.У., 22 жаштагы К.Ж. менен Чүй облусунда туулган 31 жаштагы А.А. Шектүүлөр Бишкек шаары менен Чүй облусунда жашайт. Алар убактылуу камакка алынып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Теги:
Количество просмотров: 9