Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ал дайыма дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча отурум өтмөк. Бирок отурум 25-майга жылдырылды, ага саламаттыгына байланыштуу А.Атамбаевдин сотко келбегендиги себеп болгон.