• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

УКМК Кыргызстандын жери Тажикстанга өттү деген сөздөр боюнча комментарий берди

4 Тогуздун айы 2023 17:47 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстандын жери Тажикстанга өттү деген сөздөр айтылган, социалдык тармактарга жарыяланган видео тууралуу комментарий берди. Анда мындай маалыматтарды жокко чыгарды.

«Кайсы бир кызыктар тараптар кыргыз жеринин тажик тарапка өткөнү тууралуу социалдык тармактарда жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айдыңына жарыялап, мамлекеттик органдардын ишин жокко чыгарууга байланыштуу максаттуу иш алып барып жатат. Деструктивдүү колдонуучулар тараткан маалымат чындыкка коошпойт. Ушундан улам УКМК жарандарды мындай чагымчыл материалдарга ишенбөөгө чакырат. Ошону менен катар эле коомчулукту мамлекеттик органдар гана тараткан расмий маалыматтарга гана көңүл бурууга үндөйт»,-деп жазылган маалыматта.

Эске салсак, 2-октябрда Баткенде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болуп өткөн.

Кыргызстандын делегациясын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектесе, ал эми Тажикстандын делегациясын Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов жетектеди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселеси боюнча кеңири пикир алмашуу болуп, делегациялардын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын долбоордук линиясынын калган тилкелериндеги иштерди активдештирүү зарылчылыгы жөнүндө толук өз ара түшүнүшүүлөрүн билдиришип, жумушчу топторго тиешелүү тапшырмаларды беришкен.

«Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстан өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтору мамлекеттик чек аранын калган участокторунда долбоордук линияны сыпаттоо иштерин улантат. Жолугушууда чек ара аймактарынын ортосундагы достукту, өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди чыңдоо, ошондой эле эки мамлекеттин чек арага жакын райондору менен облустарынын активдүү кызматташуусун улантуу зарылчылыгы өзгөчө белгиленди. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду», — деп маалымдалат Министрлер кабинети тараткан билдирүүдө.

Количество просмотров: 732