• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

УКМК мэрияга өткөн “Оберон” базарлары боюнча маалымат таратты

29 Тогуздун айы 202412:27 Бишкек Govori.TV

Оберон «Дордой» жана Оберон «Орто-Сай» базарларынын аймактары мамлекеттин кирешесине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин кайтарып алуу иштеринин жүрүшүндө «Оберон» ЖЧКсы тарабынан укук белгилөөчү документтерди мыйзамсыз алуу фактысы аныкталган.

«Жер тилкелерин мыйзамсыз сатып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Оберон» ЖЧКсы тарабынан «Дордой» (өлчөмү 6,42 га) жана «Орто-Сай» (өлчөмү 1,68 га) базарларында жайгашкан жер тилкелери ээлеп алынгандыгы такталган. 

Тактап айтканда, «Оберон» ЖЧКсынын ээлери тарабынан 1998-жылы аталган жер участоктору убактылуу пайдаланууга (ижарага) алынган, буга карабастан «Оберон» ЖЧКсы тийиштүү кызмат адамдары менен сүйлөшүп, жогоруда аталган базарларга жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыларды мыйзамсыз алышкан», — деп жазылат маалыматта.

Кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти тарабынан мыйзамсыз берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо жөнөтүлгөн.

«Ошентип, Бишкек шаарынын административдик жана шаардык сотунун кабыл алган чечимине ылайык, аталган базарлар Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилди. Муну менен наркы 3 млрд. 889 млн. 563 сом, жалпы аянты 8,1 га жер тилкелери мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Келечекте аталган базарлардан түшкөн киреше Бишкек шаарынын бюджетине түшөт. Учурда КР УКМК тарабынан бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча мындан аркы иш-чаралар жүргүзүлүп жатат жана юридикалык баа берилет», — деп кошумчаланды.

УКМК ушул сыяктуу фактыларды аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча максаттуу иштерди улантууда.

Мэриянын кызматкерлери кечээ, 28-октябрда “Дордой” базарындагы “Оберон” ишканасына таандык базардын администрациясына барып, Бишкек шаардык сотунун чечими менен аталган базар Бишкек мэриясына өткөнүн билдирген.

“Оберон” базарларынын ээси Нуржамал Байболова Бишкек мэриясы менен соттошуп, соттун эки инстанциясында тең утулуп калганын билдирип, соттун чечимдерин акыйкатсыз деп атап, мэриянын аракетин менчик укугуна кол салуу деп баалады. Ал күйөөсү, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов ишкер Аскар Салымбеков менен бирге эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында “Дордой” базарын түптөп, кийин 1997-жылдары алар өз үлүшүн бөлүп кеткенин айтты.

Количество просмотров: 169