• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК: Талантбек Батыралиевдин бюджетке 107 миллион сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды

11 Бирдин айы 2019 17:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мурунку Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге кылмышка шектүү экендиги тууралуу билдирме берилди. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришкен.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Т.Батыралиевге КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык 320-беренесинин 4-бөлүмү жана 322-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2 пункту боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги тууралуу билдирме берилди.

Белгилей кетсек, КР Эсептөө палатасы түзгөн актысына ылайык, Т.Батыралиев 2014-2018 жылдар аралыгында КР саламаттык сактоо министри кызматында туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен колдонуп, 4 стадиядагы бөйрөк оорулары менен ооруган бейтаптарга гемодиализ методу менен медициналык жардам берүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууларда мамлекетке пайдасыз бир нече келишимдерди түзгөн. Жыйынтыгында, мамлекетке 107 млн.сомдон ашык зыян келтирилген.

Азыркы убакта тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 35