• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Украинада 4 миң адамдын ичинен маалымат катчы тандалды

4 Кулжа 20199:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек.04.06.2019.Govori.TV.

Украинанын президенти Зеленскийдин маалымат катчысы болуп Юлия Мендель аттуу журналист тандалды.

Украинанын жаңы президенти Владимир Зеленский маалымат катчылыкка журналист издей турганын Facebook баракчасына жарыялаган. Анда ал журналистика тармагында тажрыйбалуу жана 24 саат бою иштөөгө макул болгон, бир канча тил билгендерди кабыл ала тургандыгын билдирген.

Жарыядан соң, электрондук почта аркылуу 4 миңден ашуун резюме келип түшүп, арасында кесипкөй журналисттерден тышкары, пиар-менеджерлер, теле алып баруучулар, блогерлер, актёрлор дагы болгон.

Сынактын негизинде маалымат катчылыкка 32 жаштагы Юлия Мендель аттуу айым тандалып алынган. Украинанын Херсон аймагында төрөлүп, Киевдеги окуу жайда журналистика факультетин аяктаган. Ал буга чейин «The New York Times», CNN сыяктуу эл аралык медиа тармактарында да иштеген.


Теги:
Количество просмотров: 36