Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV.
Кыргызстандык Жылдыз Мамытова Украинанын реалити-шоусунда жеңишке жетти. Бул тууралуу жеңүүчү өзүнүн фейсбук баракчасына жазган.
«Достор жагымдуу кабар менен бөлүшкүм келди. Биздин өлкөнүн атынан эл аралык ТВ-долбоордо катышып, жеңүүчү деп табылдым»,-деп жазып кубанычы менен бөлүшкөн.
Жылдыз айым «Страна на вкус» долбоорунда катышуучулар өздөрү тааныштырган өлкөнүн улуттук тамак ашын, менталитетин жана салттарын тааныштырганын кошумчалаган.