• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Улуттук энерго холдинг” кызматкерлерине мыйзамсыз кенемте бергени аныкталды

11 Үчтүн айы 2019 16:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.2019. Govori.TV.

Эсеп палатасы мамлекеттик «Улуттук энерго холдинг» компаниясы 2017-жыл үчүн кызматкерлерине компьютердин зыяндуулугу үчүн 3,7 млн. сом кенемте мыйзамсыз төлөп бергенин аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын холдингге жүргүзгөн аудитинин жыйынтыгында айтылат.

Аудиторлор белгилешкендей, компаниянын жетекчилиги жумуш орундарына аттестация өткөргөн эмес, ошондуктан аларга кошумча төлөм берүүгө укугу болгон эмес.

Эсеп палатасынын мекемеге карата жүргүзүлгөн аудитинде мындан башка да каржылык эреже бузуулар аныкталган. Анын материалдары президентке, Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана башка органдарга жөнөтүлдү.

«Улуттук энерго холдинг» компаниясынын маалымат кызматы мурдагы жылдары компьютердин зыяны үчүн кенемте төлөнүп келгенин моюндап, муну өкмөттүн токтомунун негизинде ишке ашкан деп түшүндүрдү. Мекеме эми бул берене боюнча төлөмдү алып салуу маселесин карап жатканын кабарлады. 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 24