• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Умрага барып келген депутаттардын тизмесин сураган Карамушкина сынга калды

30 Чын куран 2020 14:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Төрөбай Зулпукаров айрым депутаттар башка депутаттар тууралуу туура эмес маалыматтарды таратып жатканын билдирди.

«Жалган маалымат таркатып жатканда көңүл буруп койсоңуздар. Коронавирус Кытайдын Ухань деген шаарынан чыкканы белгилүү. Жогорку Кеңештин депутаттары тууралуу жалган маалымат таркап жатат. Биз башка динди, башка улутту сыйлайбыз. Диндерди бири-бирине карама-каршылыкка чакырган нерселер болуп жатат. Коронавирус менен бир динди же улутту жаман көрсөткөн болбойт», — деди ал.

Ал эми депутат Талант Мамытов коронавирусту бир адамга шылтаганды токтотууга чакырды. Мындан тышкары эл өкүлү депутаттын айткандарына баа берүүнү айтты.

Белгилей кетсек, мындай пикирлер ЖК депутаты Карамушкинанын билдирүүсүнөн соң чыккан. Ал өкмөт мүчөлөрүнө суроо берип жатып, умрага барып келген депутаттардын тизмесин сураган.

«12-мартта Сауд Арабиясынан келген учак Кыргызстанга бул илдетти алып келди. Мени кызыктырганы ошол каттамда ЖК депутаттары бар беле, тагыраагы депутат Асылбек Жээнбеков бар беле, жана анын буйругу менен ошол каттам текшерилбей калганы тууралуу маалыматтар бар», — деди Карамушкина.

Количество просмотров: 978