• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Унааңды сатып берем деп алдап, качып кеткен жаран кармалды

14 Бирдин айы 2019 18:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2019. Govori.TV

Автоунааңды сатып берем деп алдап, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта жазылгандай, 2014-жылдын жазында  Алмаз аттуу жаран жабырлануучунун ишенимине алдоо жолу менен кирип транспорт каражатын сатып берем деп алдамчылык иш-аракетин кылган. Шектүү Чүй обулусунун жашоочусунун “Ниссан Максима” үлгүсүндөгү автоунаасын алдоо жолу менен ээлеп, андан соң изин жашырып качып кеткен. Жабырлануучу ири суммадагы чыгымга учураган.  Ал эми, автоунааны үчүнчү жакка саткандыгы маалым болгон.

Жабырлануучу 2019-жылдын январь айында милицияга кайрылып, анын укугу менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин Тергөө кызматы алдамчылык фактысы боюнча сотко чейинки иликтөөлөрүн баштаган.  ИИМдин КМКнын 3-башкармалыгынын (УККБ) кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү такталып, Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 1975-жылы туулган У.А. аттуу жашоочусу кармалган. Шектүү азыркы учурда алдамчылык беренеси боюнча жазаларды өтөө мекемесинде жаза мөнөөтүн өтөп жаткандыгы аныкталды деп билдирет басма сөз кызматы.

Ошондой эле Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча 1975-жылы туулган У.А. аттуу жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Теги:
Количество просмотров: 8