«Унаа» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн, Ысык-Ата районундагы жана Бишкектеги бөлүмдөрү 6-июлдан баштап 19-июлга чейин карантинге жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринен коронавирус аныкталганына байланыштуу COVID-19 вирусунун массалык жайылуусуна жол бербөө максатында бөлүмдөр карантинге жабылат.
«»Унаа» ишканасынын борбордук аппараты 6-июлдан тарта аралыктан иштөө режимине өтөт. Муну менен катар эле аймактык бөлүмдөрдү координациялоо жана көзөмөлдөө үчүн борбордук аппаратта айрым кызматкерлер нөөмөт менен иштешет», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Аймактар аралык сектордун Бишкек шаардык бөлүмүнүн («Риом» унаа базары) иш убактысы кыскарганы белгилүү болду.