• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Унаанын тормозу иштебей калып, эки кишини сүзүп кетти

7 Бирдин айы 2019 13:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.02.2019.Govori.TV.

Ош облусуна карашту Ноокат районунда унаанын тормозу иштебей калып, эки кишини сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, окуя Көк-Жар айылында болгон. Анда Хендай Старекс унаасынын айдоочусу унааны башкара албай, базардагы тандырдын ичине кирип кеткен. Кырсыктан Ноокат районунун тургундары 41 жаштагы жана 13 жаштагы жарандар унаанын алдында калган. Өспүрүм окуя болгон жерде көз жумган.

Унаанын айдоочусу жана Б.Д. жаракат алып, шаардык ооруканага жаткырылды.

Количество просмотров: 19