21-майдан тартып Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнө уруксат бериле баштайт. Бул тууралуу 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
Анын айтымында, 21-майдан тартып Мамкаттоо кызматынын, курулуш, тиричилик жана башка тармактардын калкты тейлөө, каттоо борборлору ачылат.
Мындан тышкары:
— Эмерек чогултуу жана оңдоо ишканалары,
— Соода борборлору (балдар ойноочу аянтчаларын, тез татым жайларын кошпогондо),
— Азык-түлүк эмес товар сатылуучу бардык жайлар,
— Автобазарлар,
— Мал базарлары,
— Жеке репетиторлук кызмат,
— Менчик жана коомдук мончолор (сауналарды кошпогондо),
— Мейманканалар (ичиндеги бассейн жана спортзалдар азырынча иштебейт),
Ал эми 25-майдан тартып:
— Кийим-кече сатуучу базарлар,
— Тез татым жайларын кошпогондо жайкы кафе жана ресторандар (50 орундуктан ашык эместери, коноктор арасында 1,5-2 метр аралык так сакталышы зарыл),
— Театр, музей, көргөзмө залдары жана галереялар, китепканалар жана маданий агартуу жайлары.
— Шаар ичинде каттаган автобус, троллейбус жана кичи автобустар.