• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Ушундай корутундуга ким ишенет?» Депутат Кой-Таш боюнча комиссиянын корутундусун сындады

12 Бештин айы 2019 17:36 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусуна күч түзүмдөрүнүн жоопкерчилиги камтылбай калганын сынга алды.

Корутунду калыс эмес «Ксы» түшүп калган алыс корутунду болуптур. Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек болчу. Ушундай корутундуга ким ишенет? Таяктын эки, адамдын бир эле башы болот да. Жок дегенде күч органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин жазып койбойсуңарбы?! Ошончолук эркиңер болсо, — деди Момбеков.

Ага жооп катары Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров «күч органдарынын жетекчилерин биз карай албайбыз» деп билдирди. Ошондой алардын жоокерчилиги боюнча өкмөткө тапшырма берилип жатканын кошумчалады.

Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын бүтүмүн талкуулап жатат. Жыйынга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев катышууда.

Ушул жылдын 7-августунда УКМКнын кызматкерлери Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операция жүргүзгөн. Биринчи операция ийгиликсиз аяктап, «Альфанын» алты кызматкери барымтада калган. 8-августта Атамбаевди кармоо боюнча экинчи операция болуп, аны ИИМ ишке ашырды. Анда Атамбаев жана анын тарапташтары өз эрки менен колго түшүп берген.

Комиссиянын маалыматы боюнча, Кой-Таш окуясында жалпы-жонунан 225 адам жараат алган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болгон.

Бул окуядан кийин 13-августунда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев УКМКнын кызматкерлерин сабагандарды мыйзам чегинде түрмөгө отургузгандан кийин кызматын тапшырарын айткан.

Количество просмотров: 972