• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Ууланган бейтаптар ооруканадан чыга башташты

4 Чын куран 2018 16:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.04.2018.Govori.TV    Рысбек Мелисбеков

«Ала-Тоо» тойканасынан үйлөнүү той учурунда ууланган 10 бейтап Республикалык жугуштуу оорулар клиникасынан дарыланып чыгышты. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине мамлекеттик санитардык-эпидемиология борборунан билдирди.

Бишкектеги жана өлкө аймактарындагы ооруканаларга 204 жабырлануучу кайрылып, анын 138 ооруканага жаткырылган. Учурда 128 адам дарыланууну улантууда.

Саламаттыкты сактоо министрилиги кабарлагандай аймактык ооруканаларда аталган тойканадан ууланган дагы 34 киши жатат. Бул маалымат дагы такталууда.

«Ала-Тоо» рестораны убактылуу жабылды. Алдын ала маалыматтарга таянсак, келген коноктор тоок этинен же балыктан ууланышы мүмкүн. Изилдөө жыйынтыгы бүгүн чыгаары күтүлүүдө. Борбордук «Ала-Тоо» ресторанында 30-мартта болуп өткөн меймандардын жалпы уулануусу боюнча, санитардык эпидемиологиялык эрежелерди бузгандыгы боюнча кылмыш иши козголду. Санитардык эпидемиологиялык борбору «Ала-Тоо» тойканасына 25 000 сом айып салган.

Количество просмотров: 38