• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

«Уят кылдыңар»,-деген көк-бөрүчүлөр журналисттерге кайрылышты

5 Жалган куран 2019 16:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.03.2019.Govori.TV.

Буга чейин журналист Бегимай Жаныбекова социалдык тармакка Сауд Аравияда жүргөн кыргызстандыктардын жүрүм-туруму уят кылып жатат деген маанайда пост жазган.

Анын айтымында, мекендештер даярдаган дасторконго жабыша калып, табактарына тамакты толтуруп алышат.

“Анысы аз келгенсип бөлмөсүнө ящиктеп суусундук көтөрүп кетет. Же анын баарын түгөтпөйт, ашканага эртерээк келип калгандары кызматкерлердин шаштысын кетирет”, — деп сүрөттөгөн.

Ал текст менен кошо тамак ичкен учурда эркек кишинин бутун стулдун үстүнө коюп алган учурун тартып алган.

Мындай сындан кийин Camel Fest этнофестивалына барган кыргызстандыктар видео жарыялап, эч кандай деле тартипсиздик болбогонун айтышып жаралган жагдайга журналистти күнөөлөшкөн.

» Бегимай Жаныбекова деген журналистка кызыбыз бүгүн жакшы эле атагын чыгарды окшойт. Азамат! Ошентип кыргыздардын ар бир терс көрүнүштөрүн сүрөткө тартып, астына соонун кылып жазып фейсбукка көп көптөн чыгарып туруңуз. Ошондо атыңыз алыска чейин кетет. Кыргыздардын Сауд Аравияда кандай даярдык көрүп жатканын чыгарбай эле койгула. Жалаң терс нерселерди чагылдыргыла ошентип, кыргыз журналисттер! Артка тарткыла! Дүйнөгө уят кылгыла!»,-деген билдирүү калтырышкан.

https://www.instagram.com/p/BulyQqVHx8z/?fbclid=IwAR0oMWdWhz0yvSYKkFiN—RDI9_FQUh3fz6_x2AmZVs_NeBNb0QtHvT0APQ
Теги:
Количество просмотров: 12