• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Вирус жуккан 3 жаран менен бир учакта келген 135 адам табылып, изоляцияга алынды

18 Жалган куран 2020 16:33 Бишкек Govori.TV

Коронавирусту жуктуруп алган 3 кыргызстандык менен бир учакта келген 135 адам табылып, изоляцияга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта өкмөттөгү брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

«135 жүргүнчү табылды жана баарынан анализдер алынды. Алар менен тыгыз байланышта болгон 300 жаран карантинге жаткырылды. Мындан тышкары кичи ажылыктан 1000ден ашуун жүргүнчү келген. Алардын 70 пайызы үй карантининде. Учурда аларды издеп жатабыз»,-деди Исков.

Белгилей кетсек, буга чейин Арабиядан 12-мартта учуп келген 3 жарандан коронавирус аныкталган. Алар учуп келген аба каттамында 135 жүргүнчү бар болгону аныкталып, 90дон ашуун жүргүнчүнүн аты-жөнү такталып, обсервацияга алынган болчу.

Количество просмотров: 1056