• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Вице-спикер Аида Касымалиева карантинге алынды

13 Жалган куран 2020 10:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева жана депутат Абдыбек Дюшалиев үй карантинине алынды. Алар бүгүн түнү Германиядан учуп келишкен, аталган өлкөгө немис парламентинин чакыруусу менен барышкан.

“Өзүмдү жакшы сезип турам. Бул сапар пландалган болчу, андан баш тартууга мүмкүн болгон жок. Саламаттык сактоо министрлиги менен кеңешип, бардыгы жайында болгон. Биз Абдыбек Дюшалиев экөөбүз кийинчирээк келишибиз керек эле, бирок Кыргызстанга эрте эле кайтууну чечтик. Бизди Германиядан коронавируска карата текшеришти. Стамбулдун аэропортунан текшеришкен жок. Белгилей кетсем, Бишкекке келгенде бизди абдан дыкат текшерүүдөн өткөрүштү. Кабыл алынган эрежеге ылайык бизди 14 күнгө үй обсервациясына алышты. Бул убакыт аралыгында үйдө отуруп иштейм”, -деп айтып берди вице-спикер.

Мындан тышкары коштоп келгендер дагы 14 күнгө карантинге алынганын кошумчалады.

Количество просмотров: 2126