• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Якутияда мигранттарга айрым тармактарга иштөөгө тыюу салынды

28 Жалган куран 2019 16:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.03.2019.Govori.TV.

Якутиянын башчысы Айсен Николаев үстүбүздөгү жылдан тартып мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койду. Бул тууралуу маалымат 28-апрелде аймак башчысынын расмий сайтында жарыяланды.

Тактап айтканда, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга азык-түлүк, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө болбойт. Ошондой эле алар шаардык жана шаар айланасындагы транспорттук автоунааларды, такси жана жүк ташуучу унааларды айдай алышпайт. Жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынды.

Николаевдин бир күн мурда жасаган билдирүүсүндө ушул тапта жергиликтүүлөр иштей ала турган жумуштардын көбүн мигранттар ээлеп алышканын айткан.

Мигранттарга каршы саясаттын катаалдашына 17-марттагы жергиликтүүлөрдүн нааразылык акциясы түрткү болду. Якутиялыктар жергиликтүү аялдын кыргызстандык мигрант тарабынан зордукталышына байланыштуу каршылык билдирип чыгышкан.

Мындан улам Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева мыйзамсыз мигранттардын маселесин чечүүнү жергиликтүүлөргө убада кылышкан.

Теги:
Количество просмотров: 7