• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Ымыркайдын окуясы журналисттердин гендерге сезимтал болбой жатканынан кабар берди

23 Жетинин айы 2023 11:08 Бишкек Govori.TV

8-ноябрда Бишкектеги таштанды челектен табылган ымыркайдын окуясы коомчулуктун үрөйүн учуруп, көңүл чордонунда болду. Эксперттердин айтымында, бул жаңылыктын чагылдырылышы журналисттердин гендерге сезимтал болбой жатканынан кабар берди.

Жалпыга маалымдоо каражаттардын үстүнөн даттануулардын кароо Комиссиясынын мурдагы мүчөсү Санжар Эралиев Facebook баракчасында окуяны чагылдырууда кесиптештердин кетирген мүчүлүштүгүн белгилеген.

“Көчөгө таштап кетилген ымыркай тууралуу улам окуп жатам. Бардык маалыматтарда баланы энеси таштап кеткени, ал аял кармалганы айтылат. Атасы тууралуу сөз жок. Гендердик сезимтал журналистика бир четте ыйлап турат”, – деп жазган ал.

Окуя кандай чагылдырылган?

Окуяны чагылдырууда ЖМКлардын басымдуу бөлүгү ымыркай таштанды челектен табылганы, шектүү катары 21 жаштагы аял – ымыркайдын энеси кармалганы жана баланын абалы тууралуу баяндашкан.

14-ноябрда шектүү сыртка чыкпоо жөнүндө тил кат менен камактан бошотулуп, баладан баш тартпаганын жана кош бойлуу болгонун ата-энесинен жашырып жүргөндүктөн, төрөттөн кийин коркуп баласын таштанды челекке таштаганын билдирген.

Орто эсеп менен редакциялар бул окуя жөнүндө 2-3 жаңылык жазып жетишкен. Алардын ичинен 24.kg агенттиги бул окуя тууралуу эң көп, 8 ирет айтып өткөн. Бирок ымыркайдын атасы тууралуу ЖМКларда чанда гана баяндалган.

Адатта, мындай окуяларда кыз-келиндерди ымыркайды таштап кетүүгө мажбурлаган жагдайлар көмүскөдө калат. Ал эми жаңылыкты окуган коомчулук окуянын чоо-жайын толук билбей туруп, энени бир тараптуу айыптары турган иш. Дал ошол себептен улам, мындай жаңылык даярдоодо кеминде “Күч органдары баланын атасы тууралуу же келинди бул ишке түрткөн жагдайлар жөнүндө маалымдай элек” деп кошуп коюу маанилүү. Мындан тышкары, “баланын атасынын жоопкерчилиги каралган учурлар жок» деп коомчулукту ойлонтууга түрткөн сөздөр жазылууга тийиш.

NazarNews басылмасы ымыркайды энеси таштап кеткени тууралуу маалыматты баштемага чыгарган. Жаңылыкты бул фокустан берүү аялды айыптоого, ага карата кастыкты козутууга жол ачат.

Ал эми Super.kg порталынын журналисти ушул сыяктуу дагы бир окуяны чагылдырууда аялдарга карата кастык тилин жана жалпылоо ыкмасын колдонуп, аудиторияга өз пикирин таңуулаган. Журналист энени бир тараптуу айыптап, ымыркайдын атасы тууралуу маалыматты берген эмес.

«Азыркы кезде төрөп, баласын дааратканага же көчөгө таштап салып басып кеткен «күкүк энелер» көбөйдү. Аргасыздан жакаңды кармайсың. Мындай окуялардын ачыкка чыкпай калгандары канча…», — деп жазган ал. Макалада гендердик теңсиздик аспектилеринен тышкары, расмий статистика же билдирүүнү тастыктоочу фактылар берилген эмес.

Башкача айтканда, макалада гендердик сезимтал журналистикадан тышкары, кесиптин базалык принциптеринин бузулушуна жол берилген.

Ошол эле учурда гендердик сезимтал журналистиканын принциптерин эске алган ЖМКлар дагы жок эмес. Алсак, Kloop.kg басылмасы жаңылык даярдоодо баланын атасынын жоопкерчилиги тууралуу экперттин, «Балдардын укугун коргоо» лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекованын пикирин кошкон. Турдубекова коомчулук бул учурда энени гана айыптап, тилдегени, бирок «баланы жасаган ата тууралуу» эстебегенин билдирген. «Кана атасы? Ал ким? Балким ал байкуш кызды күчкө салып зордуктап койгон? Балким ал кызды алдаган? Эмне үчүн биз бул тууралуу унчукпайбыз? Эмнеге милиция бир гана энесин таап, аны жазага тартышы керек?», — деген пикир макалада камтылган.

Мындан тышкары, окуяда атанын ролу, анын жоопкерчилиги тууралуу  “Марал” үналгысы жана “Азаттык” менен BBC кыргыз кызматынын журналисттери белгилешкен. Аталган ЖМКлар материалдарында эксперттердин пикирин камтып, энелер туш болгон көйгөйлөр тууралуу айтып беришкен.

Гендердик сезимтал журналистика деген эмне?

Гендердик сезимтал журналистика— бул коомдогу гендердик теңсиздикти эске алуу аркылуу аялдар жана эркектердин окуясын адилеттүү, терс стереотиптер калыптанбагандай кылып чагылдыруу. Коомдогу гендердик стереотиптер гендердик теңсиздикти, адилетсиздикти жана зомбулукту колдоого көмөктөшөт. Эң башкысы журналист аял же эркек деп жынысына карап эмес, ар бир каарманды биринчи кезекте адам катары кабыл алуусу зарыл.

Буга чейин эл аралык уюмдардын колдоосу менен жергиликтүү бейөкмөт уюмдар гендердик сезимтал журналистика боюнча PR-адистерге, журналисттерге, пресс-катчыларга өлкөнүн булуң-бурчунда көптөгөн тренингдерди өткөргөн.

Мындан тышкары, бул багытта онлайн курстар, журналисттер үчүн колдонмолор дагы иштелип чыккан.

Адилеттүү жана инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө багытталган InKoom долбоорунун координатору Бактыгүл Исланбекованын айтымында журналисттердин суроо-талабы менен гендер боюнча эксперттердин базасы түзүлгөн. Мындан тышкары, учурда долбоордун алкагында атайын тиркеме иштелип чыгууда. Бул тиркеме тексттерди, макалаларды текшерип, анда гендердик сезимтал журналистиканын стандарттары сакталганы же сакталбаганы тууралуу маалымдап берет.

Бактыгүл Исланбекова, сүрөт: Facebook

“Журналисттер гендерге сезимтал болбой жатат”

Өлкөдө Жамааттык ЖМКлардын Бирлиги бир нече жылдан бери медиаадистер үчүн гендердик сезимтал журналистика боюнча окутууларды өткөрүп келет. Уюмдун жетекчиси Назира Жусупова журналисттер үчүн Гендердик-этикалык кодекс иштелип чыкканын, бирок бул документти кабыл алган медиалар аз экенин билдирди.

«Кыргызстан журналистинин этикалык кодексинде дагы, Гендердик-этикалык кодексте дагы эң негизги эреже – жапа чеккен адамдын укуктарын жана кызыкчылыктарын биринчи орунга коюп, «зыян келтирбе» принцибин кармануу. Таштандыга ыргытылган ымыркайдын окуясын чагылдырууда аудиториясы чоң ЖМКлар ушул эрежени сактабай калган. Ички иштер бөлүмү жаңылык жайылтууда баланын энеси изделүүдө деп кабарласа, журналисттер атасы тууралуу маалыматты такташы керек эле. Жаңылык тараткан ИИМге Атасы кайда?”, “Ал эмнеге жоопкерчиликке тартылбайт? деген суроолорду узатпаганы өкүндүрөт. Бул журналисттердин гендерге сезимтал болбой жатканынан кабар берет. Себеби, ымыркайдын энеси менен бирге атасы дагы жоопкерчиликке тартылышы керек. Мындан тышкары, айрым ЖМКлар жаңылык жазууда мурдагы окуяларды эскерип, анда дагы энелерге басым жасашкан», – дейт ал.

Назира Жусупова, сүрөт: kyrgyzmedia.kg

Жусупованын айтымында гендерге сезимтал болуу үчүн бир гана тренингдерден өтүү жетишсиз.

«Редакция бул баалуулуктарды өзү карманганда, жетекчи, редакторлор журналисттердин материалдарын дыкат көзөмөлдөгөндө гана жылыш болот», – дейт ал.

Медиа-серепчи Алмаз Исманов бир нече жылдан бери гендердик сезимтал журналистика жаатында билим берип келет. Ал медиа чөйрөдө дагы деле гендерге сезимтал материалдар өтө аз экенин белгилейт:

«Айрыкча зордук-зомбулук фактылар чагылдырганда ушул көйгөй ачыкка чыгып калат. Себеби, мындай журналисттик материалдарда басым жалаң гана аялдарга болуп, аларды күнөөлөп, эмпатиянын деңгээли дээрлик нөлгө барабар болуп калат. Окуя үстүртөн чагылдырылып, айыптоо иретинде болот. Бул коомдогу стереотиптик образдарды бекемдейт. Ал эми кырдаалды талдоо же терең түшүнүү аракети байкалбайт. Натыйжада аялдарды жек көрүү, мизогинисттик маанай калыптанып, аялдарды жана кыздарды гана күнөөлөгөнгө алып келет дагы, аларга каршы ар кандай демилгелердин көтөрүлүшүнө себепкер болот».

Алмаз Исманов, сүрөт: респонденттин жеке архивинен

Массалык маалымдоо каражаттары күн тартибине таасир этип, коомдук пикирди калыптандырууда чоң роль ойнойт. Журналисттер жасаган материалдар коомдук талкуу жараткандыктан, редакциялар ресурстарын бир гана маалымдоо үчүн эмес, көйгөйлүү маселелерди терең изилдөөгө, саресеп салууга дагы жумшай алат. Жыйынтыгында журналисттердин эмгеги коомдун аң-сезиминин өсүшүнө, жарандык көзөмөлдүн, жарандык активизмдин жогорулашына жана гендердик тең укуктуулуктун калыптанышына салым кошо алат.

Журналисттер жасаган материалдар маалымдоодон тышкары, сынчыл ой жүгүрткөн, маселе эмнеден улам келип чыкканын аңдай алган, жыйынтыгында коомдогу позитивдүү өзгөрүүлөргө себепкер болгон катмардын көбөйүүсүнө таасир этет.

P.S. Бул материал жарыяланарда Арча-Бешик жаңы конушундагы көчөдөн дагы бир ымыркай табылганы тууралуу маалымат тарады. Ошол эле күнү ЖМКлар Жалал-Абадда дагы жаш бала таштандыга ташталганын жазып чыгышты.

Ал эми журналисттик чөйрөдө мындай окуяларды чагылдыруу маселеси кайрадан көтөрүлүп, редакциялардын ымыркайдын сүрөтүн, видеосун жайылтканы дагы башка талкууга жем таштады. Тилекке каршы, мындай окуялардын болушу кесиптик этика менен гендердик сезимтал журналистиканын эрежелери актуалдуу бойдон кала береринен кабар берди.

Автор: Асель Сооронбаева.

Баш сүрөттүн автору Азамат Алымкулов.

Бул макаланы Кыргыз Республикасындагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун алкагындагы «Медиасын» жанрын өнүктүрүү боюнча программанын катышуучусу даярдаган.

Количество просмотров: 365