• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Ырчы Данияр Эрматов тойдо өпкөн белгисиз селки ким?

18 Жалган куран 2019 10:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.03.2019. Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 16-мартында Ош шаарында жылдыздуу түгөйлөр Айдана Дека менен Аваз Акимовдун үйлөнүү тою болуп өттү.

Той адаттагыдай эле шаан-шөкөттүү болгонун инстаграмдагы жайнаган сурөт видеолордон көрүүгө болот. Дал ошол тойдогу видеолордун бирине Данияр Эрматовдун күйөрмандарын ойго салган жагдай түшүп калган.

Видеодон Данияр Эрматов четте туруп көк көйнөкчөн селкинин бетинен өөп койгонун көрүүгө болот.

Видео интернет булактарына тарап ырчынын күйөрман кыздары «бул селки ким?» деген суроолор менен баш катырышууда.

Ал эми Данияр өзү бул жагдай тууралуу эч кандай комментарий берген жок. Ал эми айрым инстаграмдагы баракчаларда видеодогу кыз Данияр Эрматовдун сүйлөшкөн кызы эмес деп 100 пайыз ишенимдүү пикирин билдиргендер да жок эмес.

Эске салсак, Айдана Деканын кыз узатуу аземинде Алмаз Шаадаев Айжан аттуу кызга үйлөнөм деп чуу жараткан эле. Эми чоң тойдо Данияр Эрматов кадрга илинип олтурат. Көпчүлүк «той акжолтой болуп бойдок жылдыздардын баары үйлөнөт го» деген жакшы ниеттерин айтышууда.

Булак: “Барометр”

Теги:
Количество просмотров: 37