• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абад маданият техникумунун директорлугуна дайындалды

1 Теке 2019 9:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.07.2019.Govori.TV.

Ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абад маданият техникумунун директорлугуна дайындалды. Буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Эмил Балтагулов 1981-жылы Чаткал районунда туулган. Билим жогорку, 2004-жылы Ош МУнун искусство факультетинин музыка бөлүмүн аяктаган.

Буга чейин Ош МУда окутуучу, Чаткал районунун Терек-Сай шаарчасындагы маданият үйүнүн көркөм жетекчиси, Т. Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын артисти, ушул эле филармониянын директорунун орун басары, Жалал-Абад шаарындагы Гүлнара Бакиева атындагы №24 мектептин мугалими, Сузак райондук Балдардын билим берүү борборунун «Жаш талант» музыкалык ийриминин жетекчиси кызматтарын аркалап келген.

Количество просмотров: 25