• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ырчы Мирбек Иманбековдун бир тууган агасы каза болду

15 Теке 2019 15:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.

Эстрада ырчысы Мирбек Иманбековдун бир тууган агасы сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ал SUPER.KG порталына билдирген.

Маалыматка ылайык, ырчынын агасы Кылычбек Иманбеков 1978-жылы туулган. Ал Талас шаарындагы үйүнөн анча алыс эмес жерде жайгашкан сууга түшкөнү барып, чөгүп кеткен. Жанында эч кандай тиешелүү документтери жок болгондуктан сууга чөккөн адамды таап алгандар милиция кызматкерлерине кабарлашкан. Натыйжада алар маркумдун өздүгүн аныктап, үй-бүлөсүнө өткөрүп беришкен.

Эске салсак, 10-июлда Талас шаарынын Жетиген аймагынан жашы болжол менен 40-45теги эркек кишинин жансыз денеси табылып, жакындары изделип жатканы айтылган.

Теги:
Количество просмотров: 27