Бишкек. 24.01.2019. Govori.TV
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылындагы Стамбеков атындагы мектебинин 9-классынын окуучусу өзүн өзү асып каза болду.
Бул тууралуу GovoriTV. агенттигине жергиликтүү тургун кабарлаган.
“10-класстын баласы 9-класстын балдарына тийишип, кол көтөргөн. Андан соң 9-класстын 3 баласы тиги баланы сабап коюшкан. Сабалган баланын ата-энеси милицияга арыз жазган. Милиция кызматкерлери балдардын ата-энелеринен 7 миң сом талап кылышып, 3 баланын ата-энелери 1,5 миң сомдон милиция кызматкерлерине беришкен. Бирок, тартип сакчылары эртеси кайра акча талап кылышкан. Каза болгон окуучунун апасы мугалим. Апасы директор кабинетине кирип чыккан соң баласына “сенин айыңдан директорго кирип уят болдум”,-деп койгон.
Апасы “балама жөн жүрбөйт белең, милицияга да 7 миң сом бердик деп жай эле айтып койгом”,-деген.
Андан соң эле кечке маал, апасы оокат менен атасы мал менен алек болуп жүргөн кезде, баласы сарайга барып асынып алган”,-деди ошол айылдын тургуну.
Жүрүм-туруму түз, жоош, көп эшикке чыкпаган баланын бир гана окуяга аралашып калуусу мындай жыйынтыкка алып келгенин маалымат берүүчү кошумчалап өткөн.
Бул тууралуу Ысык-Көл облустук Ички иштер башкармалыгына кайрылганыбызда, окуя боюнча толук маалымат жок экендигин айтышып, тактаган соң маалымат берилээрин айтышты.